Американын тургуну жасалма гүлдү сугарып жүргөнүн эки жылдан кийин билген

АКШнын Калифорния штатынын Кейли Уилкс аттуу тургуну эки жыл бою жасалма гүлдү билбей сугарып жүргөн. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

"Бул эхеверия гүлү менин ашканамдын терезесинде 2 жыл турду. Ал идеалдуу өсүмдүк болчу, аны менен сыймыктанчумун. График менен суу куюп, өзүмдөн башка эч кимди жолотчу эмесмин. Анткени гүлгө жакшы камкордук болуп жатканына ишеним болсун дегем", - деп жазган Кейли.

Эки жылдан соң Кейли гүлдү башка идишке которууну ойлоп, жаңы идиш сатып алган. Гүлдү котороюн деген маалда анын жасалма экенин билген. "Эки жыл бою мен ушундай калп менен жашаптырмын" деген америкалык тургун. Анын окуясы басылмаларга тарап кеткен соң аны колдоо максатында көпчүлүк табигый гүлдөрдү жөнөтүшкөн. Уилкс 2 жыл сүйүп, суу куюп баккан гүлүн да ыргытпай, мурункудай сүйүп карай берерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
elmira.
2020-03-06 12:27:31
Кандай мээси жетпептир
+4
Nur777
2020-03-06 12:29:43
Эки жылдан бери неге чонойбойт деп ойлонбоптурбу?
+6
Kyrgyz40
2020-03-06 14:37:38
99 окшойтда
-2
zzz---zzz
2020-03-06 17:32:41
Эки жылдан бери эмне үчүн гүлүн ачпайт дебейби, же жытын жыттабайбы бул нак келесоо го
-2
Aikaaaa
2020-03-06 18:01:04
Эми болот да, балким кээ бир гүлдөр аябай жай өсөт, ошондой деп ойлоду, же челеги кичинекей болуп ошондон жай болуп атат деп ойлоду балким. Кээ бир пластмасса гүлдөр кадимкидейден айырмасы жок
+2
Avrora2017
2020-03-07 02:07:25
Aikaaaa,Tuura aitasyn jashoodo baary bolot
+2
Bekovich76
2020-03-06 23:53:55
Апенди деп айткандан башка соз жок
-1
Aylinaydin
2020-03-06 23:56:12
Колдоо корсотуп, аяп гул жиберген инсандарга рахмат. Биздикилер мэжн иштейби деп кайгырган адамды ансайын кайгыртып бир жолу депрессия кылып коймок. Олгондун устуно комгон кылып.
+10
Avrora2017
2020-03-07 02:05:22
Aylinaydin,tuptuura
+1
Paol
2020-03-07 03:07:57
Aylinaydin,)))))))ой ичим ааай
+1
TIMON_BERKOWITZ
2020-03-07 09:22:58
Балким дагы бир жыл суугарса жанып кетмек..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан