Бишкек-Астана багытында бара жаткан кичи автобус кырсыкка учурады. 3 адам каза таап, 11 адам жаракат алды
23-августта саат 07:00 чамасында Алматы - Астана трассасында кыргызстандык Mercedes-Benz Sprinter кичи автобусунун айдоочусу рулду башкара албай кырсыкка учурады. Кичи автобус оор жүк ташуучу КамАздын артын сүздү. Казакстандык маалымат булактарынын маалымдашынча, кырсыктан 3 жүргүнчү каза болуп, 11 адам жаракат алышты. Каза болгондордун бири жаш бала. Бишкек - Астана багытында бара жаткан кичи автобус саатына 120 чакырым ылдамдык менен бара жатканы белгилүү болду. Ал эми дарбыз жүктөгөн КамАз саатына 25 чакырым ылдамдыкта бара жатыптыр. Окуя иликтенүүдө.