Ысык-Көлдө шектүү оору менен каза тапкан 15 жаштагы Темирбек Исакуновдун чума дартынан көз жумганы белгилүү болду. Ал Сары-Жаздагы Оттук капчыгайында суурдун этинен жасалган шишкебек жегендиги аныкталды. Суур аталган илдетти алып жүрүүчү жандык болуп саналат. Аталган аймак чуманын табигый очогу болуп саналары да айтылды. Айта кетсек, 22-августта түндө Темирбек оор абалда ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактай алышпады. Бала каза тапкандан кийин дарыгерлер анын денесин союшуп, так диагноз коюуга аракет кылышып, бирок акыркы жыйынтык 3-5 күндөн кийин белгилүү боло турганын билдиришкен эле. Айтылгандай, аталган өспүрүм жана жергиликтүү тургундар оорулуу суурдун этинен шишкебек бышырып жешиптир. Учурда облустук ооруканада 90дой жаран жатат, алар ошол күнү шишкебек жегендер жана Темирбек менен ошол учурда байланышта болгондор. Оттук капчыгайында учурда дарыгерлерден түзүлгөн атайын топ иш жүргүзүүдө.