"Аялдардын тилектештик маршында" катышуучулар эмне себептен кармалганын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан мындайча түшүндүрдү. Маалыматка ылайык, анда марш уруксатсыз өткөн.
"Марш "Феминалле" жана "8/365" деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан түзүлгөн. Маршты өткөрүп жаткандар Свердлов району жана Бишкек мэриясынан тиешелүү макулдашкан эмес. Ошондой эле алар укук коргоо органдарына тартипти сакташ үчүн маалымат беришкен эмес. Свердлов районунун жергиликтүү жашоочулары тарабынан "Жеңиш" аянтында өткөн маршка нааразычылыктар айтылган. Бул жер Улуу Ата-Мекендик согушта фашизмге каршы туруп каза болгондорду эскерген, адамдар урмат менен мамиле кылган жер", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле милиция кызматкерлери маршка чыккан катышуучулар менен бирге башка тараптардын ортосундагы чатакты алдын алууга мүмкүн болду деп кошумчалайт Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан.
Бүгүн, 8-мартта саат 12:00дө Бишкектин Жеңиш аянтынан башталган "Аялдардын тилектештик маршы" өтмөк. Бирок башталбай жатып жөө жүрүштүн катышуучуларына 20дай калпакчан жаран басып келип, ортодо ызы-чуу чыкты. Анда эки тараптын катышуучуларын милиция кызматкерлери Свердлов РИИБине алып кетишкен.