Бишкектин вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев "Ош базарынын" тегерегинде уруксат берилбеген жайларда таксисттердин турганын сынга алды

Бүгүн Бишкекте вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиевдин жетекчилиги астында "Ош базары" боюнча түзүлгөн штабдын жыйыны болду. Жыйында вице-мэр "Ош базарынын" тегерегиндеги Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлеринин ишине канааттанбай турганын билдирди. "Бүгүн жолдогу кырдаал түп тамырынан бери өзгөрүшү керек болчу. МАИчилер турат, бирок жыйынтык жок. Тыюу салган жол эрежелеринин турганына карабай, таксисттер турушат" деди Дүйшөмбиев. Ал эми жол жээгиндеги баш аламан соода-сатык иштери тууралуу Ленин районунун акими Алтынай Өмүрбекова маалымат берип, күнүнө соода-сатык үчүн жол жээгине токтотулган бир топ арабалар алынып жатканын кошумчалады. Ошондой эле Бакыт Дүйшөмбиев "Ош базарынын" тегерегиндеги тартипке ар бир тиешелүү кызматтар такай көзөмөл кылып турушу керектигин баса белгиледи.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан