Хабиб Нурмагомедов: "Тони адам катары мага жакпайт, ал акылсыз"

АКШнын Лас-Вегас шаарында 7-март күнү UFC 249 турниринин негизги беттеши болгон Нурмагомедов-Фергюсон беттешинин көз караш дуэли болуп өттү. Маалымат жыйыны учурунда орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов: "Мен Фергюсонду жеңишим керек" деп айтса, америкалык мушкер Тони Фергюсон "Сенин дооруң бүткөн" деп жооп берди.

Хабиб Нурмагомедов: "Фергюсон мушкер катары бул беттешке татыктуу. Бирок ал адам катары мага жакпайт, ал акылсыз. 18-апрель күнү эмне болорун көрөбүз. Фергюсон менин эң мыкты каршылашым. Мен аны жеңишим керек"

Тони Фергюсон: "Сенин дооруң бүткөн!"

Хабиб Нурмагомедов: "Тони мыкты мушкер. Бирок мен өзүмө ишенем. Анын үстүнө ал карып калды".

Тони Фергюсон: "Сен менин карып калгандыгым жөнүндө мени жеңгенде гана айтасың".

Хабиб Нурмагомедов: "Сен америкалык, көчөдө мушташуу кандай болорун билбейсиң. Мен сени сындырам".

Тони Фергюсон: "Хабиб көчөдөгү мушташтарга такыр катышкан эмес. Ал окуучуларды гана сабачу. Мен сага мексикалык мушкер кандай экенин көрсөтөм".

Хабиб Нурмагомедов: "Сен мексикалыкмын дейсиң, кайра америкалыкмын дейсиң. Сен каяктыксың? Сен мексикалык эмессиң. Сенин атың Тони, фамилияң Фергюсон. Бул мексикалык ат эмес. Сен эмне жөнүндө айтып жатасың? Каяктагы мексикалык?.."

Маалыматка ылайык, Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши 18-апрель күнү Нью-Йорк шаарында UFC 249 турниринин алкагында негизги беттеш катары өтөт. Буга чейин эки мушкердин беттеши 4 жолу уюштурулуп, ар кандай себептер менен өтпөй калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG.Kushtarbek
2020-03-09 14:15:58
Хабибде тушунук барда Не болсода алга ХАБИБ 30:0
+3
Kuba-savai87
2020-03-09 22:50:48
Хабиб, Тонинин курун тээп жибергени жакпай калды ушундай кылгандар женилип калчы эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан