Башкы прокуратура Бишкек шаарында 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта башкы прокуратура маалымат жарыялады.
Анда Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондук прокуратуралары райондук соттордун митингдерди тыйып, чектөө тууралуу чечимдерине каршы экенин билдирген.
“Жарандардын митинг, жөө жүрүш жана башка иш-чараларды өткөрүү укугун чектөө тууралуу талаптар жана райондук соттор чыгарган чечимдер негизсиз болгондуктан, ал жокко чыгарылышы керек”, - деп айтылат Башкы прокуратуранын жарыялаган маалыматында.