Кытайдын Цзянсу провинциясындагы атайын теплицадан 1 миллиондон ашык жөргөмүш сыртка чыгып кетти. Муну белгисиз кылмышкер жасады, ал медициналык эксперименттер үчүн кармалган жөргөмүштөрү бар теплицаны атайын бузуп, ичиндегилерди "эркиндикке чыгарганын" чет элдик ММКлар жарыялашты. Тийиштүү органдар окуя болгон аймакта иликтөө жүргүзүшүүдө. Ферманын ээси жөргөмүштөрдү чогултуп, багууга 16 миң доллар сарптаптыр. Жөргөмүштөр Кытайдын салттуу медицинасында колдонулуп, көпчүлүк ооруларды айыктырууга жана басаңдатууга (мунун ичинде рактын айрым формалары бар) жардам берет. Жөргөмүштөргө байланыштуу: март айында АКШда жөргөмүштөрдүн айынан Атланта - Нью-Йорк автобус каттамдарынын бири токтотулган. Автобус ордунан жылгандан 15 мүнөттөн кийин салондогу шамалдатуучу жабдыктардын ичинен жөргөмүштөр чыгып, жүргүнчүлөр ызы-чууга алдырышып, автобустан түшүп кетишкен.