Бүгүн, 9-мартта мунайга болгон дүйнөлүк баанын кескин арзандап кеткенине байланыштуу эл аралык валюталык рынокто рубль доллар жана еврого карата кунун жоготту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Москвада доллар 72 рубль 40 тыйынга, евро 82 рубль 20 тыйынга көтөрүлдү. Мындай жогорку көрсөткүч төрт жыл мурда катталган эле. Өткөн аптанын жума күнү, 6-мартта эле доллар 68 рубль, евро 80 рубль болчу.
Бул аралыкта Бишкек шаарынын акча алмаштыруучу жайларында жана коммерциялык банктарда да абал өзгөрүп жатат. Түшкү убакытка карата 1 рубль 93 тыйынга сатылса, ал эми сатып алуу 1 сомдун тегерегин түзүп жатат.

Мунай баасынын кескин арзандап кетүүсүнө келсек, бүгүн Brent маркасынын нефти баррелине 14 долларга түшүп, 31 пайызга баасын жоготту. 7-мартта анын баасы баррелине 45,54 доллар болсо, бир түн ичинде эле 31,27 долларга ылдыйлап кеткен. WTI маркасынын нефтинин баасы да 30 пайызга арзандады. Баанын бир күндө арзандашы Перс булуңунда согуш чыккан 1991-жылдан бери боло электиги аңыз болуп жатат.