Окуучулар жазгы каникулда он күн эс алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Базистик окуу планга ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн мектептеринде жазгы каникул 21-марттан 30-мартка чейин созулат. Окуучулар 10 күндүк эс алуудан кийин 31-марттан баштап окууга чыгышат", - деп айтылат маалыматта.