"Бала багуучулар" ("Няньки"), "Варварлар" ("Варвары") тасмасында роль жараткан эгиз актёрлордун бири Дэвид Пол каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар анын түгөйү Питер Полдун берген маалыматына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, актёр 6-март күнү 62 жашында көз жумган. Анын өлүмүнүн себеби ачыктала элек, айрым булактар уйкудан ойгонбой калганын жазышууда. Дэвид менен Питер коомчулукка "Варварлар", "Бала багуучулар" тасмасы аркылуу таанылган. Актёрлуктан тышкары ал бодибилдинг менен алектенип келген.