Америкалык блогер, мушкер Логан Пол 8-март - Аялдардын эл аралык майрамынын урматына аялзатын өзгөчө жол менен куттуктаган. Ал төрөт алдындагы аялдардын толгоосун имитация кылган атайын орнотмону өзүнө колдонуп, сезимдери менен бөлүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
24 жаштагы блогер, мушкер Логан Пол аялдын толгоосун сездирген атайын орнотмону көкүрөк тушуна, курсагына тагынып, эксперимент жүргүзгөн. Орнотмо аялдын толгоосундагы ооруну толук кандуу жеткирип бербесе да Логан Пол 1 мүнөткө да чыдай алган эмес. Видеодон анын "Эч качан! Эч качан! Бул эң азаптуу оору" деп кыйкырганын көрүүгө болот. Өзүнөн кийин блогер досуна да өзүнө текшерип көрүүнү сунуштаган. Досу качып жатып араң макул болуп, акыры эскперименттен өткөн. Анын реакциясы да блогердикинен кем калышкан эмес. "Аялзаты, биз силерди сүйөбүз жана силер кандай оорчулукту басып өтөрүңөрдү билебиз", - деп куттуктоосун жыйынтыктаган блогер.