24-августта саат 06:24тө Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Жер титирөө Аксы районунда болуп, Ак-Коргон жана Сумсар айылдарынын түштүк-чыгыш тарабынан 30 чакырым, ал эми Кербен шаарынын түштүк-батыш тарабынан 45 чакырым алыстыкта орун алды. Кырсыктан жабыркагандар жок.