Пакистанда жүргүнчү ташып бара жаткан кичи автобус жардан кулап кетти. Аман калгандар жок

Пакистанда тоо боорунда бара жаткан жүргүнчү ташуучу кичи автобус жолдон чыгып кетип, дарыяга кулап түшкөн. Кырсыктан аман калгандар жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда кырсыктын кесепетинен 21 адам мерт кетип, төртөө оор жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилгени айтылат. Тилекке каршы, жабыркагандар кийин каза болгон.

"Каза тапкандардын арасында эки наристе дагы болгон. Пакистандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча кырсыкка унаанын айдоочусу күнөөлүү болуп калган. Ал өтө тез ылдамдыкта айдап бара жатып, рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан