Казакстанда бөлтүрүктөрү үчүн өч алганы келген "Акбара" атылды

Казакстанда бөлтүрүктөрү үчүн өч алганы келип, койлорду кырган карышкыр атылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.

Окуя Актобе облусунун Полтавка айылында орун алганы айтылат.

Анда жергиликтүү мергенчилер карышкырдын эки бөлтүрүгүн атып кеткендиги үчүн ал ошол аймактагы койлорго жана мергенчилердин иттерине тиш салган.

"Койлорун караганы барган малчы жайытта карышкыр жүргөнүн көргөн. Алгач малчы аны ит деп ойлогон. Бирок беш койдун кырылып жатканын көрүп, мергенчилерди чакырган. Мергенчилер айылдан алыс эмес жерден карышкырды кармап, аны жок кылышкан. Кийинчерээк ал бөлтүрүктөрүнөн ажыраган карышкыр болгондугу жана ал айылга өч алганы түшүшү мүмкүн деген маалымат тараган", - деп айтылат маалыматта.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
adilbars
2020-03-10 18:42:39
Кинону бузушуптур да
+5
maxburat
2020-03-10 23:32:18
adilbars, )))))))
0
Farra16gsin
2020-03-10 20:34:01
Кайран гана Бостон казактада бар экен го чиркин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан