25-августта Кыргызстан боюнча 17 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 20 бөлүм тартылды. Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы орун алды. Кырсыктан каза тапкандар болгон жок.