Филиппиндеги Себу провинциясындагы полиция кызматынын башчысы кылмышка шектелген аял менен "кармалып" калып, темир торго түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
4-март күнү бир нече полиция кызматкери коопсуздук бөлүмүнө алардын жетекчиси Ильдефонсо Миранда баңги затын сактоого шектелип кармалган 32 жаштагы Жан Клаудия Де Гузман менен "ысык" мамиледе экенин айтып кайрылышкан. Коопсуздук кызматы өз алдынча иликтөө жүргүзүп, экөө полициялык аймактан тышкары жактарга эс алууга чыгып жүрүшкөнүнө ынанышкан. 6-март күнү Жан Клаудияны полициялык участоктун кызматтык уктоочу бөлмөсүнөн табышып, Миранданы камакка алышкан. Миранда шектүүнү сүйүп калгандыгын өзүнүн катачылыгы катары билдирген. Эгер Миранданын мыйзам бузгандыгы толук аныкталса, ал жумуштан кетип, анын кол алдындагы кызматкерлери да кызматтан четтетилип, жазага тартылышары айтылууда.