Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 10-март күнү Баш мыйзамга толуктоолорду киргизүү боюнча Мамдуманын жыйынына келди. Анда депутат Валентина Терешкова Баш мыйзамдан президенттин мөөнөтүнүн саны боюнча чектөө жазылган беренени алып салууну же азыркы президентке бул кызматка кайра шайланып келүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштаган. Жыйындын экинчи бөлүгүндө өлкө президенти Владимир Путин сөз сүйлөп жатып, өзгөрүүлөр тууралуу пикирин билдирди.
"Албетте, эгер өзгөртүү 22-апрелде добуш берүүдө бардык жарандар тарабынан жактырылса, болушу мүмкүн. Бирок бир гана шарт менен, эгер Конституциялык сот мындай өзгөрүүнү Баш мыйзамдын жобосуна жана принциптерине каршы келбей турганын расмий билдирсе", - деди Владимир Путин.
Мындайча айтканда, Путин айткандай болсо, анда анын буга чейинки 16 жылдык президенттик мөөнөтү нөлгө кайтат.
Белгилей кетсек, президенттин мөөнөтү 2024-жылы аягына чыгат. Ал эми мындай өзгөртүү Владимир Путинге келерки шайлоого катышууга укук берет.
Владимир Путин Орусиянын президенти кызматына 1999-жылдын 31-декабрында келген. Баш-аягы президент болуп төрт жолу (2000-жылы, 2004-жылы, 2012-жылы, 2018-жылы) шайланган. 2012-жылы президенттик мөөнөт 4 жылдан 6 жылга узартылган. 2008-2012-жылдар аралыгында өкмөт башчылыкты аркалаган.