Мас болушуп Бишкекте айдоочуну сабаган өзбек дипломаттар боюнча ТИМ Өзбекстанга нааразычылык нотасын жиберди

Бишкекте мас абалында жол кырсыгына кабылышып, окуяга катышкан айдоочуну сабаган Өзбекстандын КРдагы элчилигинин кызматкерлери боюнча ТИМ Өзбекстанга нааразылык нотасын жиберди. Окуя боюнча учурда соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатыптыр. Эскерте кетсек, 23-августта Бишкекте Өзбекстандын КРдагы элчилигинин кызматкерлери катышкан жол кырсыгы болуп, дипломаттар окуяга катышкан айдоочулардын бирин сабап салышкан эле. Алардын мас экендиги белгилүү болду. Дипномурлуу Тойота Прадо унаасын элчиликтин биринчи катчысы М.Хайриддинов башкарып келе жаткан. Тойота Москва-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинен Жигули унаасын сүзүп кетип, мас дипломаттар Жигулинин айдоочусу Ж.Кадыровду сабап салышкан. 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан