"Апамдын сунушунан кийин Малика Дина менен дуэт аткарып чыктым" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган Иса Өмүркулов

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Малика Дина менен Иса Өмүркуловдун "Дил кайрык" дуэти кошулду. Иса Өмүркулов бул чыгарманы аткарып чыгууну апасы сунуштаганын айтат.
"Бул ырды кичинекей кезимден бери аткарууну кыялданып жүргөм. Апамдын сунушунан кийин Малика Дина менен эми аткарып чыктым. Клипке Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков дагы тартылды. Аны клипке тартылууга өзүм чакырдым. Клипти тартуу иштери дээрлик бир жылга созулду", - дейт ал.

4-МАРТТАН 11-МАРТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" видеокомпозициясы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунга - Турдакун Ниязалиевдин "Асыл апам" видеоклиби жайгашты.

8-орунду - Тотомидин Жолдошов менен Сурманын "Эгиздердин арманы" чыгармасы камсыздады.

7-орунга - Айганыш Абдиеванын "Өтөр, кетер" аталышындагы чыгармасы жайгашты.

6-орун - Айдана Деканын "Сезим менен" аталышындагы чыгармасына буюрду.

5-орунду - Султан Садыралиевдин "Ыраазымын сага" видеокомпозициясы ээледи.

4-орунду - Айгерим Расул кызынын "Тумарым" чыгармасы камсыздады.

3-орун - Динара Тилекееванын "Апакем" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орун - Үмүтай Абдышованын "Жүрөктө сүйүү боздойт" чыгармасына буюрду.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган KG Эльмураттын "Издедим" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан