Токтогул районунда жол кырсыгынан 6 адам жабыркады
Жалал-Абад облусунун Токтогул
районунда жол кырсыгынан 6 адам жабыркады. ӨКМнын басма сөз кызматы
билдиргендей, окуя 25-августта саат 23:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда
болгон. Фольксваген-Пассат жана КИА үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 6 адам жабыр
тартып, райондук ооруканага жеткирилген. Каза болгондор жок.