Канаданын Торонто шаарынын тургуну денесине көк түстөн татуировка тарттырып, өзүнө болгон ишенимин арттырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
26 жаштагы Донни Снайдер 2017-жылдан тартып терисин жашыл-көк (бирюза) түскө боёп баштаган. Алгач анын бутунун жарымына чейин татуировка тартып иштеген эжеси татуировка тартып берген. Автобуста жашап, колго жасалган сөйкөлөрдү сатып иштеген Донниге бул эксперимент майдай жаккан. Ошондон кийин бардык дене мүчөсүн көк түскө боёону чечкен. "Мага өзүмдүн түсүм жагат. Ал көп адамдын көңүлүн буруп турат. Бизге жашоо бир гана жолу берилет. Аны да көңүлдүү жашашыбыз керек", - дейт ал. Донни татуировка тарттырганга чейин элден оолак жашап, өзүнө ишене албаган бактысыз адам болгонун эскерет. Татуировкадан кийин ал өзүн ишенимдүү сезип калганын айтып келет.