Дүйнөдөгү жалгыз ургаачы ак акыраны атып өлтүрүштү

Кениянын Гаррис аралындагы корукта браконьерлер дүйнөдө сейрек кездешүүчү жалгыз ургаачы ак акыраны баласы менен атып салышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Акыра менен баласы өлтүрүлгөндөн кийин корукта жалгыз гана баласы калды. "Сейрек кездешүүчү, уникалдуу жаныбарларды сактоого кылган аракетибиз жокко чыкты. Ак акыранын өлтүрүлүшү биз үчүн чоң трагедия болду", - деген корук башчысы Мухаммед Ахмеднур. Ал браконьерлер дүйнөдөгү жалгыз ургаачы акыраны жок кылышканын кошумчалаган.

Маалыматка ылайык, ак акыра корукка 2017-жылы алып келинип, көп кызыгууну жараткан. Келгенден бери ал эки ирет тууп, экинчи баласы август айында жарыкка келген. Акыра сырткы терисинин түсүн акырындап жоготкон мутацияга кабылгандыктан түсү акка өтүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aerforce
2020-03-11 19:38:46
Жираф Акыра болуп которулабы?)
+11
bekbolotabdirasulov
2020-03-11 22:22:43
aerforce,ооба кыргызчасы
+4
PROS
2020-03-12 07:23:06
aerforce,
Жираф - акыра
Носорог - керик
Леопард - кабылан
Гепард - кара кулак шер
Лев - арстан
Слон - пил
Кыргызча аталышы бар африка жаныбарлары. Демек тээ илгери ушул жаныбарлар Орто Азия чөлкөмүндө жашаса керек да кыргызча аталганына караганда.
+7
MOTOP
2020-03-12 20:42:35
PROS,кыргызча аталышы болсо эле кыргызстанда жашаган болуп калабы?
0
Aikaaaa
2020-03-11 20:01:39
Альбинос го
+8
aijan.borkoshova
2020-03-12 00:03:52
Адамдан өткөн таш боор жандык жок!Баласы менен кантип атсын?Акча дегенде бири бирин өлтүргөн жандыктар жаныбарды жөн коймок беле...
+9
KG.Kushtarbek
2020-03-12 02:42:45
Ешеккен да аткан адам емес
+4
Avrora2017
2020-03-12 04:46:21
Kolun syngyr ei birtke akcha uchun olosunorgo aibandan otup
+2
ulua
2020-03-12 13:53:18
Башынарды эле жебейсинерби аткандар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан