Ысык-Көлдүн айрым аймактарында кара тумоого байланыштуу карантиндик посттор коюлуп, жол каттамдары жабылды

Ысык-Көл облусунун Ичке-Жергез айылынын 15 жаштагы тургуну кара тумоо (чума) оорусунан каза болгонуна байланыштуу Оттук айылына баруучу жолдо, Башарын жайлоосунда жана Ичке-Жергез айылында карантиндик посттор коюлуп, жол каттамы жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Дарыгерлер Ичке-Жергез айылынын 758 жашоочусун текшерүүдөн өткөрүштү, башка оорулуулар катталган жок. Каза болгон адам менен байланышта болгон Ичке-Жергез айылынын 17 тургуну райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө, башкалардан бөлөк бөлмөдө жатышат. Мындан сырткары ооруканада каза болгон адам менен байланышта болгон 88 адам (хирургия бөлүмүнөн 70 адам, жандандыруу бөлүмчөсүнөн 13 адам жана  кабыл алуу бөлүмүнөн 5 адам) ооруканага жаткырылып, башкалардан бөлүнүп коюлган (изоляцияланган). Айта кетсек, 22-августта 15 жаштагы Темирбек оор абалда ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактай алышкан эмес. Маркум Оттук капчыгайында суурдун этинен шишкебек жасап жеп, жыйынтыгында кара тумоо жуктуруп алганы белгилүү болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан