Доллардын көтөрүлүүсү абалдан пайдалануубу? (репортаж)

Кечээ, 10-мартта саат 17:00гө карата Бишкек шаарында доллардын баасы кескин кымбаттап кеткен. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар заматта 3 сомго көтөрүлгөн. Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53 миллион 700 миң АКШ долларын (анын 4 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарып, абал туруктуу деп билдирген.

Бул айтылган көйгөйлөрдөн улам бүгүн, 11-мартта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эл аралык валюта рыногундагы кырдаалдын сомго тийгизген таасири тууралуу массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө маалымат берип, брифинг өткөрдү. Айтымында, маалымат берүүнүн негизги максаты валюта рыногундагы абалды элге билдирүү. Эл дүрбөлөңгө түшүп, долларга болгон суроо-талап жогорулап кеткендиктен Улуттук банк интервенция жасап, суроо-талаптардын негизин карап чыккан. Абдыгулов өлкөдө доллар боюнча эч кандай көйгөй, банктарда чектөө жок экенин жыйын учурунда билдирип өттү. Ал билдиргендей, ар бир каалаган жаран банкка барып, кайсы сумма керек болсо, ошончо сумманы алмаштыра алат.

Бүгүнкү күнү эч кандай көйгөй жок. Кардар банк болобу, акча алмаштыруу жайы болобу же каржы институттары болобу канча доллар же евро алам десе, эч кандай чек же тоскоолдук жок ала алат. Кечээ бир нече жерлерде акыбал бир аз кызыктуу болду. Ошондуктан эртең менен көбү эмне болот деп анча-мынча операцияларын токтотуп койгон. Бул абалды дагы туура түшүнүү керек”, - деп билдирди ал маалымат берип жатып.

Абдыгулов ортомчулар тууралуу дагы пикирин билдирди. Айтымында, бул жагдайдан пайдалангандар чыгат, бирок кандай болгон күндө дагы баары өз калыбына келет.

Жалпыга белгилүү болгондой, Кыргыз өлкөсүнүн соода өнөктөштөрүнүн базарларында талкуулардын жүз бергенине көп убакыт болду. Бул талкуулар өнөктөш мамлекеттердин экспорттук тагыраагы, нефть, кара металл сыяктуу товарларына байланыштуу болууда. Мындан улам алардын валюталарында ири секириктер байкалып жатат. Ал эми бул абалды эксперттер Кыргыз өлкөсүнө таасири тийбейт дешкени менен өлкө экономикасына, соода алакаларында таасири чоң экенин моюнга алышат.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыровдун айтымында, өлкөдө доллардын курсун көтөрө турган жүйөлүү себептер деле болгон эмес. Анын билдиришинче, Улуттук банк акча алмаштыруу жайларындагы абалды көзөмөлгө албай жатат. Эгер абал кайталана берсе, инфляцияга кептелүү мүмкүндүгү жаралат.

“Негизи доллардын кунунун көтөрүлүшүнө конкреттүү деле себеп болгон жок. Бул абалды өзүнчө бизнес деп айтсак деле болот. Анткени январь, февраль айларында соода иши анча жүрө бербейт. Жумуш марттын ортолорунда акырындык менен жанданып баштайт. Улуттук банктын билдирүүсүндө деле доллардын өсүүсүнө жүйөлүү себеп болбоптур. Анткени жылдын башынан баштап кыйынчылык болуп жатса, интервенция кылып жүрүштү. Алар 80 миллион доллардын тегерегинде интервенция кылышты. Бул сапар да доллардын көтөрүлүүсүнө натыйжалуу себеп жок болчу.

Менин оюмча бул - абалдан пайдалануу. Алардын негизги шылтоосу рублдун кунунун түшүп кеткени болуп жатат. Мисалы карап көрө турган болсок, Улуттук банктын расмий билдирүүсүндө 69 сом деп жазылып турат. Бирок акча алмаштыруу жайларында абал башка. Алар долларды 72-73 сомдун тегерегинде сатып жатышат. Бул деген Улуттук банк эч нерсени көзөмөлдөбөй жатат дегенди түшүндүрөт. Анткени алар бул сыяктуу көрүнүштөрдү карап, тескеп жана билиши керек болчу. Улуттук банк көптөн бери биздин валютаны бир калыпта кармап келе жатат. Анткени эгер доллардын баасы чыгып кетсе, анда сатылып жаткан азык-түлүктүн баасы кымбат болуп калат. Азык-түлүк кымбаттаса, пенсия, жөлөк пул же маянага жашагандар азык-түлүктү кымбат баада алып, чоң инфляцияга кептелишибиз мүмкүн. Бул жерде абалды жөнгө сала албаган Улуттук банк күнөөлүү болуп калуу ыктымалдуулугу бар. Ошондуктан Улуттук банк баарын талдап, жөнгө салыш керек”, - деп билдирди Абдыров.

Бул боюнча акча алмаштырган жайларга келип, долларды алар кандайча кымбат сатканы боюнча сурадык. Алардын кээ бири бааны Улуттук банк бекитип берет дешсе, кээ бири жооп берүүдөн баш тартты. Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев доллардын көтөрүлүп кетүүсүн абалдан пайдаланып, баюу жолу катары баалайт.

"Кыргызда “эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт” деген сөз бар. “Орусияда рубль түшүп кетти, Казакстанда теңге түшүп кетти. Эми бул абал бизге келип, сом түшөт экен” деп эл чуру-чуу түшүп жатып калышты. Болбосо доллардын өзүнүн республикада болушу бул - экспорт, импортко байланыштуу. Биздин өлкөдө анчалык чоң деле экспорт, импортубуз жок. Тескерисинче биз импортко көз карандыбыз. Коронавируска байланыштуу импорт дагы кескин азая түштү. Базарларда баалар көтөрүлө баштады, инфляцияга жол ачылып жатат. Ал эми кечээ күнкү доллардын көтөрүлүп, сомдун түшүшү бул - бир уюшулган, уюштурулган кырдаалдан пайдаланып, байып кетүү аракети. Бул бир объективдүү себептердин бири. Ал эми субъективдүү себеби бул - башка өлкөлөрдөн келип, бизден көп суммада доллар сатып алып жаткандар бар экен. Анын үстүнө ушундай каңшаарды угуп, өздөрүнүн үйүндө жаткан таңгак-таңгак сомдорун кайра тезинен долларга алмаштыруу аракети жүрүп кетти.

Албетте, валюта рыногунда дагы суроо-талапка жараша баасын кескин көтөрүп жиберишти. Бул убактылуу нерсе. Муну жөнгө сала турган Улуттук банк бар. Алар дүрбөлөңдү токтотууга аракет кылат. Абалдын биздин элдин жашоосуна эч кандай тиешеси жок. Муну азырынча спекулянттык көрүнүш деп түшүнүш керек. Бирок баары бир коронавирус, чек аранын жабылышы, экспорттун, импорттун токтошу, жарандардын өлкөлөргө каттабай калышы жана туризмдин кескин азайышы дээрлик тескери жагынан экономикабызга таасирин тийгизет", - деп билдирди Айылчы Сарыбаев абал тууралуу.

Соңку 3 жылда доллардын сомго карата курсу дээрлик туруктуу 69-70 сомдун тегерегинде сакталып келген. Доллардын сомго карата курсунун эң жогорку чеги 2015-жылдын 25-ноябрында 78-80 сомго чейин жеткен. Бирок бул баа бир күнгө эле кармалып, эртеси Улуттук банк интервенция жүргүзүү аркылуу доллардын баасын калыпка салган.

Улуттук банк: “Канча доллар керек болсо, ошончо долларды сатууга даярбыз“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sirenaaaaa
2020-03-12 09:07:41
Башка проблема аз болуп жаткандай, бул кайдан чыга калды эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан