9-март күнү Мексикада "Бизсиз бир күн" деген аталышта аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукка каршы акция өтүп, 500 миң аял жумушка чыккан эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Акцияга чыккан аялзаты жумушка, университетке, мектепке баруудан баш тартышкан. Феминисттердин жүрүшүн саясатчы, атактуулар да колдошкон. "Бизсиз бир күн" жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларынын бири Арусси Унда: "Биз өлкөбүздүн ар бурчунда орун алып жаткан аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукту көрсөткүбүз келет", - деген. Ошондой эле мексикалык актриса Кейт дель Кастильо да акцияны колдоп, социалдык баракчасына "Биз дүйнөгө аялзатынын эмгегисиз эч нерсе иштеберин көрсөткүбүз келет" деген билдирүү калтырган.
"El Universal" басылмасынын берген маалыматына ылайык, 9-март күнү мамлекеттик кызматта иштеген 500 миң аялзаты жумушка чыккан эмес.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын январь айында эле Мексикада 320 аял өлтүрүлгөн. Февралда 25 жаштагы Ингрид Эскамилья аттуу кызды 46 жаштагы көңүлдөшү бычактап, терисин сыйрып, ички органдарын кесип салган. Андан көп өтпөй 7 жаштагы кыз уурдалып, кийинчерээк сөөгү табылган. Мындай чуулгандуу окуялардан кийин да каршылык акциялары өтүп келген.