Бишкекте ири партиядагы алкоголдук продукция тартып алынды

Бишкекте сатууга лицензиясы жок ири партиядагы алкоколдук продукция тартып алынды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришет.

Маалыматта Бишкек шаарындагы соода базарларында сатууга тийиштүү лицензиясы жок алкоголдук продукцияны сатуу фактысы аныкталганы айтылат. "Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө ар кандай ассортименттеги 2 миң 234 бөтөлкө анын ичинен "Любимый" маркетинен - 1 164 бөтөлкө, "У дома" маркетинен - 170 бөтөлкө, "Крымские вина" маркетинен – 900 бөтөлкө элиталык вино табылды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан