Канча жаш бересиз? 60ка таяп калган британиялык мырза жаштыгынын сырын ачты

56 жаштагы британиялык Энди Уилкинсондун 3 кызы, 7 небереси бар. Бирок аны көргөндөр 30 жашты араң беришет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Энди жаш көрүнүүсүнүн негизги сыры катары генин эсептейт. Ага кошумча Энди 5 жыл мурун жеке ишкерлигин таштап, спорт менен машыгууга киришкен. Кийинчерээк фитнес-машыктыруучу катары спорт залга жумушка орношкон. Үзгүлтүксүз спорт менен машыгуу менен токтолуп калбай, зыяндуу тамактардан, ичимдиктерден толугу менен баш тарткан. "Мен көп нерсеге нервимди коротпойм. Бүгүнкү күн менен гана жашап, жаман нерселерди ойлобойм" деген Уилкинсон. Эндинин 3 кызы, 7 небереси болсо да, бейтааныштар аны 30 жаштагы мырзадай кабыл алышат. "Көпчүлүккө 7 небереси бар таята экенимди айтсам ишенбейт. Социалдык тармак аркылуу таанышкысы келген кыздар да көп", - дейт Энди.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2020-03-12 16:14:05
Чынында эле 35дей көрүнөт экен, молодец аксакал!
+12
SalihaQueen
2020-03-13 08:32:01
Чынында жапжаш экен! 100го чыкканда кандай көрүнөт экен
+1
Alia82
2020-03-13 09:22:53
Аялы кандай болдукен , ал бир жок дегенде 45-50 жашта болсо кк
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-13 09:58:55
30жаш берем.
+1
nur...nur.
2020-03-13 14:57:21
Менда спорту баштайт окшойм тирилик деп денсоолука убакыт таппай каласын бизде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан