Валентина Шевченко: "Вэйли Чжан кийинки беттешинде чемпиондук наамынан ажырайт"

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко UFC 248 турниринде Вэйли Чжан эмес, польшалык Йоанна Енджейчик утканын айтты. Бул тууралуу MMAjunkie спорттук сайты жазып чыкты.

"Мен бул беттеште Чжан утту деп эсептебейм. Йоанна беттеште көбүрөөк мыкты соккуларды жасады. Вэйли Чжан жакшы спортчу, бирок мыкты мушкер эмес. Албетте, мен ага ийгилик каалайм. Мен ойлойм ал кийинки беттешинде чемпиондук наамынан ажырайт", - деп билдирген.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында болгон UFC 248 турниринде "Чжан - Енджейчик" беттеши 5 раундга созулуп, калыстар упайлардын саны боюнча (48-47) жеңишти кытайлык мушкер айымга ыйгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaka78
2020-03-13 11:14:02
Иий ошондо утулуп калдыбы?
0
MOTOP
2020-03-13 12:15:25
аял кишиге бул спорт жарашпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан