Ырчы Асел Кадырбекова сулуулук салонун ачты. "Салон ачуу менин бала кезимден бери келаткан кыялым" дейт ал

Бүгүн, 12-март күнү ырчы Асел Кадырбекова сулуулук салонун ачты. Жаңы баштап жаткан иши тууралуу ырчы айым SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Сулуулук салонун ачуу бала кезден бери келаткан кыялым. Бир ай мурун бул ишке киришип, буюрса, минтип салондун ачылышын жасап алдык. Буга чейин бирөө менен биргеликте дүкөн ачып, ал ишим акталбай калган. Муну жалгыз өзүм ачып жаткандыктан, майда нерселерине чейин дыкаттык менен маани берип, баарын пландап ишке ашырдым. Каражат да көп кетти. Бул менин кызымдын келечеги үчүн жасап жаткан кадамым. Андыктан мындан ары ийгиликтүү алып кетүүгө болгон аракетимди жумшайм", - дейт Асел.

Ырчы айымдын салонунун лентасын Асел өзү, апасы Дилбар Монокбаева жана кайнежеси Элзада Насипбекова кести. Ачылыш аземге ырчылар Гүланда, Сайкал Садыбакасова, Айдана Дека, Анжелика куудул Гүлжайна Атаканова, алып баруучу жана ырчы Айзада Жамгырчиева жана башкалар келип, көрүүчүлөргө чакан концерт коюп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Jaka78
2020-03-12 19:59:00
Ишиңе ийгилик
+2
Dani
2020-03-12 21:57:11
Ушу ырчы болумуштар тажаттынарго,эркече
-1
Patoshik1
2020-03-13 03:12:33
Dani,туздан жаляяян))))
-2
madina.87
2020-03-13 00:13:33
Күйөөсү операция болот деп чет жакта жүрөт,бул жыргап салону менен убара
+6
Patoshik1
2020-03-13 03:12:07
madina.87,туз жалааа))))
-9
Janna07
2020-03-13 09:37:25
Patoshik1,Асаль өзүң окшойсуң. Туз жала эле туз жала дегенинен
+1
senchi
2020-03-13 12:32:21
Суулук салонун ачыш менен окуганбы бул же ырчылар салон иштеткени мумкунбу. Электрик стоматолог ачты дегендей эле.
0
Mirlan27011987
2020-03-13 13:51:06
Азаматсынар кыздар. Ар дайым ишкер болгула. Башынарды жерге салбагыла.
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-13 14:04:44
Азамат!
+1
Krai
2020-03-13 14:44:06
Асель айым ушул ачылышыны 2 күн коё турсаң болбойбу кысталак күйөөң ал жакта оору менен алектенип атса сен бул жакта акча байлык деп жүрөсүң керек болсо жанында жүрсөң болмок Нурландын...
+4
AksyKum
2020-03-13 18:20:16
Krai,Индиядан дагы башка жактан операцияболуш керек каражат жок деп элден жардам сурап жургон канча ага Караганда оздорун каржылып эптеп тирилигин кылып жатканда иш албай эле койсок.Байлык,акча кимге керек эмес экен
-2
Mina24
2020-03-13 19:02:29
Сулуулук салон кереги жок башка нерсе ачсан боло садик дегендей
0
AksyKum
2020-03-14 00:18:44
Mina24,сен ач колдон келсе садикти.келбейби бироого акыл уйротпо.бироонун акчасына кожоюнчулук кылгандарга тан каламда
0
aimai
2020-03-13 23:34:23
bul kim ozu
0
senchi
2020-03-14 06:50:31
aimai,духи сататго базарда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан