Бишкек шаарында "мейманканада 25 жаштагы айымды зордуктаган" деп шектелген жаран колго түштү. Бул тууралуу 26-августта Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Милиция кызматкерлерине бишкектик 25 жаштагы А.Ч. аттуу айым арыз менен кайрылып, Фучик көчөсүндөгү жеке мейманканалардын биринен Азамат аттуу жаран зордуктаганын айткан. Ленин РИИБинин кызматкерлери “Грабитель” аттуу рейд учурунда кылмышка шектүү катары Ала-Тоо жаңы конушунун 29 жаштагы А.К. аттуу тургунун кармашты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.