Пара менен кармалган Биринчи Май райондук сотунун судьясы кечинде коё берилди (видео)

Кечээ, 12-мартта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалган. Бул тууралуу маалыматты Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми бүгүн, 13-мартта Финпол судьяны кармап жаткан учурдагы видеону жарыялады.

SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргенине караганда, судья кечээ убактылуу кармоочу жайга киргизилген эмес. Ал кечинде коё берилген.

Бул боюнча Финполдун басма сөз кызматына кайрылганыбызда, судьялардын кол тийбестиги бар экенин, учурда кошумча иштер аткарылып жатканын билдиришти.

Пара менен кармалган судьянын бүгүн жумушка чыкканы же чыкпаганын тактоо үчүн тийиштүү кызматтар менен байланышуу мүмкүн болгон жок.



Биринчи Май райондук сотунун судьясы пара менен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Islambek123
2020-03-13 11:38:32
Бул жагы кызык болуптурго
+2
chake
2020-03-13 12:00:00
уурулар тыйылбай койду го коррурционерлер
0
Kyrgyz_bloger
2020-03-13 12:12:08
Биз омуру онукпойбуз,биз 150 жыл мурдагы Кокон хандыгындай эле жашап жатабыз жашоонун формасы гана озгоргон,мазмуну ошол бойдон чындыкты айтсан коптору жаман корот,биз акча учун баарына даяр эл болуп калдык,келечек будомук,анан коч бара бара тузолот,Москва бир кундо курулган эмес деп озубузду алдаштын эмне кереги бар,онугуш учун 30 жыл срок,бизде онукпой эле мигранттар миллиондон ашып кетти.
+1
Makain
2020-03-13 12:19:48
Түрмөдө чирисин
+1
aydinnur
2020-03-13 13:00:58
Кара Кулжалык судья го))
+2
amirrus
2020-03-13 15:03:09
кол тийбестиги болсо эмне экен,кармалдыбы камалсын ууру паракор,бунун ордунда мугалим же врач болсо сразу камайт эленер...Тфу законунарга ,тфу сотуна акмактар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан