Биз социалдык тармакта

Криштиану Роналду коронавируска шектелип карантинге алынды

Португалия курамасынын жана италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу, дүйнөлүк футбол жылдызы Криштиану Роналду коронавируска шектелип карантинге алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Буга себеп, 9-мартта өткөн Италия чемпиондугунун 26-турунун алкагында "Ювентус" - "Интер" беттешинде Роналду негизги курамда ойногон. Бул беттеште аталган клубдун коронавирус жуктурган оюнчусу Даниеле Ругани стадиондо алмашууда отурганы болгон.

Учурда Роналду үй-бүлөсү менен Португалиянын Мадейра аралында. Роналду бул өлкөдө бир нече күн карантинде болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Amai
2020-03-13 14:54:59
Реналдого абдырашман ысырыгын ал вирус жукпайт жытап жытап уйуно тутотуп ысык оронуп ал деп айтыш керек.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан