Кытайда 13-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 932 адам жабыркаса, 50 миң 318 жаран сакайып, 3 миң 15 адам каза болду. Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирустан жалпысынан 128 миң 343 адам жабыркап жатса, каза болгондор 4 миң 720га жетти. Ал эми айыккандардын саны 68 миң 324 адамды түзөт. Азыркы учурда дүйнөнүн 114кө чукул өлкөсүндө коронавирус
катталды.
Вирус катталган өлкөлөрдүн ичинде коңшу
Казакстан дагы бар. Мындан улам дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирус тууралуу кыргыз эли эмнелерди билет? Аларга маалымат кандай жетип жатат? Мына ушул сыяктуу суроолор пайда болуп,
SUPER.KG порталы шаар тургундарына бир нече суроолор менен кайрылып, алардын пикирин угуп көрдү.
1. Коронавирус жөнүндө маалыматыңыз барбы? Вирус тууралуу эмне билесиз?
2. Коронавирустан коргонуу үчүн эмне кылуу керек?
3. Коронавирусту алдын алуу боюнча өкмөттүн иштери жетиштүү болуп жатабы?
4. Коронавирус тууралуу кандай маалыматты таба албай жатасыз?
Бул суроолордун жообу видео материалда.