Роналдиньо абакта өткөн футбол боюнча турнирдин жеңүүчүсү болуп, 16 килограммдык чочко утуп алды

Бразилия курамасынын жана "Барселона" футболдук клубунун мурунку оюнчусу Роналдиньо абакта уюштурулган футбол боюнча турнирде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Чечүүчү беттеште Роналдиньо 5 гол жаратып, 6 жолу голдук пас чыгарып берген. Жыйынтыгында 11:2 эсебинде Роналдиньонун командасы жеңүүчү аталып, 16 килограммдык чочкону утуп алышкан.

Буга чейин, Роналдиньо жана анын тууганы жасалма паспорт колдонгон деген шек менен Парагвай мамлекетинен кармалганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gitaris93
2020-03-14 17:24:42
Карышкыр картайса да бир койлук алы бар
Баракелде Роналдиньо
+3
make2
2020-03-14 17:27:52
Бул жөн эле тамаша эретинде жазылган кабар, тамаша деп россиянын сайттары жазып жатат.
-2
Agayu
2020-03-14 18:47:41
Бирок Рональдинодой футболчу жок , интернет өнүгө элек заманда кыйын болчу, азыркылар деле кыйын бирок интенеттин салымы да кыйындыкка жэткирди
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан