Бишкекте “бир кызды зордуктап, андан соң өлтүрүп салган” деп шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Бишкектеги Келечек жаңы конушунда “бир кызды зордуктап, андан соң өлтүрүп салган” деп шектелип Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 24-августта Свердлов РИИБине Келечек конушунун тургуну Фархат Бабаев анын огородунда 25-30 жаштагы кыздын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү жасаган. Милиция кызматкерлери келип, ал маркум 1990-жылы туулган Баткен облусунун тургуну Б.А. экендиги белгилүү болгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, Ош облусунун 23 жаштагы тургуну К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Анын жанынан маркумга тиешелүү уюлдук телефон табылган. Тергөө учурунда кылмышка шектүү өз күнөөсүн мойнуна алып, радио аркылуу таанышып, жолуккан соң аны зордуктап, муунтуп өлтүргөнүн айткан. Өлүктөн арылуу максатында жаңы конуштагы үйдүн огородуна таштап кеткенин айткан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
fialka_90
2013-08-26 13:10:00
Ой тобо кино коруштун кереги жок болуп калдыго
0
Guzi_8989
2013-08-26 14:29:56
)))да, азыркы учурда бироо менен танышуудан да коркосун.
0
N.Bakazova
2013-08-26 14:56:07
Adamda degen insandyk kasiet boluw kerek go. Al emne degen adam. Ooo, Jaratkan saktai kor.
0
timan86
2013-08-26 15:37:45
Ошон учун кыздар интернет радио кыска номерден танышканды токтоткула коруп жатасынар адамдар жырткычка айланып калган
0
Zarema94
2013-08-26 18:07:16
timan86, эн туура!
0
servis
2013-08-27 14:16:55
бироонун бополоп остургон кызын, карасан эми омурун кыйып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан