Индияда кызга эркектин колун жамашкан. 1 жылдан кийин кол ичкерип, түктөрү түшүп калган

Индиянын 18 жаштагы тургунуна жол кырсыгына кабылып, колун кырсыктатып алган соң эркектин колдорун жабыштырышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кырсыктан эки колу жабыркагандыктан 2016-жылы 18 жаштагы Шрея Сидданагоудага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөй, колдорун чыканагынан ылдый кесип салышкан. Индияда каза болгон туугандарынын колун донор кылып берүүнү туура көрүшпөйт. Андыктан алар керектүү колдорду табуу үчүн көпкө күтүп калышкан. 2017-жылы жайында ооруканага келбеттүү кишинин эки колу түшүп, кыздын ата-энеси аны алууга макул болушат. 13 сааттык операцияда кызга эркектин колу жабыштырылып, андан кийин 1 жылдан ашык физиотерапиядан өтүп, чоочун адамдын колун сезип, башкарууну үйрөнүп жүргөн.

Алгач колдорду трансплантация кылып жатканда донордун колдору жоон, каратору жана түктүү болчу. 1 жылдан кийин кол ичкерип, териси Шреяныкына ылайыкташып агыраак тартып калган. Нью-Делинин башкы дарыгери Шела Агарвал түктөрдүн азайып, теринин түсүнүн өзгөрүшүн кыздын организминде эркектин тестостерон гормондорунун жоктугунан жана башка гормоналдык өзгөрүүлөрдөн деп түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Petrovka
2020-03-16 09:06:56
Тооба, кудайдын кудуреттуулугун кара
+7
Aikaaaa
2020-03-16 14:13:51
Колу маймылдыкындай узун болуп калса керек, эмнеси болсо да жакшы болуптур
0
Arstan18.18
2020-03-16 18:55:13
Коркунучтууго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан