Биз социалдык тармакта

Актёр Болотбек Тилек сүйүктүүсүн "брондоду". "8 жыл дос катары сүйлөшкөн адамым болочок жубайыма айланды" дейт ал

Актёр Болотбек Тилек сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды. Кечээ ал сүйүктүүсүнө сөйкө салып, ата-энелеринен бата алышканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Сүйүктүүмдүн аты - Арууке, Сары-Челектин кызы. Экөөбүз 8 жыл мурун агенттен таанышканбыз. Ал кезде Арууке 9-классты бүткөн окуучу болчу. Ушул күнгө чейин мамилебизди үзбөй, дос катары сүйлөшүп келгенбиз. Кесиби боюнча маркетолог, жумушуна байланыштуу экөөбүз 2 жарнамалык ролик тартканбыз. Тагдырыңа жазылган адам жаныңда болушу мүмкүн деген сөз чын экен. Декабрь айында экөөбүздүн мамилебиз олуттуу баскычка өтүп, кыз-жигит статусуна өткөнбүз. Жакында Аруукеге сюрприз уюштуруп, колун сурагам. Кечээ, 15-март күнү менин туугандарым анын ата-энеси менен таанышып, сүйүктүүмө сөйкө салдык. Арууке үйдүн улуу кызы, андыктан ата-энесинин сунушу менен жайында Сары-Челектен үйүнөн алып келебиз. Ал эми үйлөнүү тойду август айына пландап жатабыз", - дейт актёр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kuttubekuzgen
2020-03-16 15:41:49
Эмне кызын страшныйбы бетин ооло жашыратко:)
+12
bond02
2020-03-16 16:47:05
Чачын корсоткону алып чыктынбы?
+10
Taku.14.02
2020-03-17 13:40:36
bond02, капа болбо бултушка окшойт..
бактылуу болсун ажырашпай..
эл жамандап суйуусун уй булоону бузуп атат ошондон корксо керек
0
Paprikafm
2020-03-16 17:24:17
Маршрутка кутуп турган кызын эмне болду, аябай мактаган элен
+11
AksyKum
2020-03-16 17:26:47
Сары-Челек эле дейтго.Сары-Челектин жанындагы айылдардан экенда.Сары-Челек корук болсо.
+8
Mina24
2020-03-16 18:59:47
Не коро албай атасынар бактылуу болгула деп калоо айтыштын ордуна бетин сага кандай тиешеси бар же обот белен ой бир кызыктай адамдар копта аман болгула коро албастар
+13
Agayu
2020-03-16 20:03:30
Элден өзгөчө болуунун эмне кажеети бар, көрсөт да , көрүшөт и унутушат .Эми көрөсүң ар кандай сөз менен маанайыңды бузушат .
-3
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-03-16 21:57:14
Ашыкча эле ушакчысынарда!!! Бактылуу болунуздар деп койсонор не болосунар бети жоктор
+7
Dolbooruwka
2020-03-17 04:59:59
Жакшы актер, кыргыз кинолоруна аз да болсо салымын кошуп коркун ачып келип жатат. Андыктан бактылуу болууга татыктуу,бактылуу болушсун! Суйуктууну коргозбой эле кой дагы озун билесин.
+7
Nurmatova.
2020-03-17 08:31:48
Мага жагат ушу актёр.Бактылуу болсун!
+3
senchi
2020-03-17 11:58:22
Бетин эмне кыласынар озуно жакса болдуда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан