Кара-Суу районундагы базарда өрт чыгып, 15 даана контейнер күйүп кетти
Ош облусунун Кара-Суу районунда 25-августта саат
20:29да “Туратали” базарында өрт чыккан. ӨКМнын басма сөз кызматы
маалымдагандай, өрттүн кесепетинен 15 даана тамак-аш сатылуучу контейнер күйгөн. “Өрттү өчүрүү үчүн 2 саат убакыт кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу
себеби жана канча чыгым келтирилгени такталууда”,- деп жазылган билдирүүдө.