Ырчы Назира Токонова: "Уулубуздун тушоосун кесип, чакан той өткөрдүк"

Ырчы Назира Токонова уулу Ариеттин тушоосун кестирди. Ырчынын айтымында, тушоо тойду чоң кылып белгилешкен жок.

"Уулумдун тушоосун Балыкчы шаарында кестик. Ариеттин чоң атасы менен чон апасы ырымын кылып коёлу дешип, үйдө чакан той өткөрүп, жоро-жолдошторун чакырышты. Буюрса, чоң тойду жакында беребиз", - дейт ал.

Ырчы менен жолдошу Чыңгыз 2018-жылы 13-июнда уулду болушкан.

Айта кетсек, Назира Токонова музыка сүйүүчүлөргө "Сагыныч", "Сага", "Мейли эстебе", "Өкүнүч", "Кайгырба, жаным" жана башка ырлары менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aimani
2020-03-17 00:23:21
Чоң тойду Коронавирус бүткөндөн кийин бергиле
+1
Benazir08
2020-03-17 00:57:42
Чынгыз деген жанындагы дует ырдаган жигитпи ошондо?
0
nuke-85-85
2020-03-17 06:32:16
омуру узун болсун уулунардын. бирок бул ырчыны тааныбайт экенмин. кайсыл ырды аткарчу эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан