КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчөлүккө көрсөтүлгөн 3 талапкер Жогорку Кеңештин жыйынында каралмай болду

Бүгүн ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер каралды. Аталган комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоонун мыйзамдык жол-жобосу менен тааныштырды. Белгилүү болгондой, Кылычбек Султановдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу КТРКнын Байкоочу кеңешинде мүчөлүгү токтотулган. КТРК жөнүндө мыйзамга ылайык, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн чакыртып алуу жана жаңы өкүлдөрүн дайындоо ошол талапкерди көрсөткөн тарап аркылуу жүзөгө ашырылат. Кылычбек Султанов Жогорку Кеңештин квотасы менен шайлангандыгына байланыштуу анын ордуна талапкер көрсөтүү укугу Жогорку Кеңешке таандык. Мына ушундай мыйзамдык жол-жобонун негизинде Кылычбек Султановдун ордуна “Ата Журт” парламенттик фракциясы талапкер катары Нышанбек Кочкоровду, КСДПнын фракциясы Бактыбек Сейитбаевди, “Ата Мекен” парламенттик фракциясы Жеңишгүл Өзүбекованы комитеттин кароосуна сунуштаган. Ал эми “Республика” жана “Ар-намыс” парламенттик фракцияларынан талапкерлер расмий көрсөтүлгөн эмес. Депутат Эгемберди Эрматов 3 талапкерди Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу менен шайлоо аркылуу чечүүнү сунуштады. Бул сунуш колдоого ээ болуп, КТРКнын Байкоочу кеңешине сунушталган талапкерлерди шайлоо жалпы жыйында каралмай болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан