АКШда белгисиз жаран дүкөндө ок чыгарып, 4 адамды өлтүрүп, аягында өз өмүрүнө кол салган

Белгисиз жаран АКШнын Миссури штатындагы Спрингфилд шаарында бир нече жерге барып ок чыгарып, аягында өзүнө өзү кол салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

16-мартка караган түнү полиция кызматына бир нече жерде ок атылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кийин маалым болгондой, бардык кылмыштарга тийиштиги бар куралчан адам супермаркеттин жанында жол кырсыгына кабылган. Андан соң имаратка кирип, ичинде жүргөн адамдарды аткылап кирген. Ошондой эле полиция кызматкерлерине да ок чыгарып, экөө жарадар болуп, бири ооруканадан көз жумган. Полициянын экинчи тобу кылмышка шектүү өзүнө кол салып, каза болгонун аныкташкан. Бул окуядан офицерден тышкары супермаркетте жүргөн бир жаран да жарадар болуп, 3 киши каза тапкан. Азырынча кылмышкердин аты-жөнү айтылбай, анын эмне үчүн мындайга барган себептери аныктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhenishbek.kyrgyz.2014
2020-03-17 09:18:15
Жаман болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан