1919-жылы каза болгон англиялык Мейми Стюарт аттуу айымдын сөөгү 100 жылдан кийин туугандарына берилип, көмүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мейми Стюарт өспүрүм курагында бийчи болом деп ата-энесинен бөлүнүп кеткен. 1918-жылы ал деңиз инженери Жордж Шоттонго турмушка чыгып, Уэльсте жашап калган. Акыркы жолу Мейми туугандары менен 1919-жылы Рождество майрамында байланышып, ошол боюнча дайынсыз жоголгон. Туугандары Меймини жоголду деп издөөгө берип, жолдошу Жордж өлтүрүү фактысы боюнча суракка алынган. Бирок жетиштүү далилдер болбогондуктан күйөөсү жоопко тартылган эмес. Кийинчерээк ал эки аял менен жашагандыгы аныкталып, абакка кесилип кеткен. Арадан 42 жыл өткөндөн кийин гана Мейминин сөөгүнүн калдыктары Уэльстеги Гауэр жарым аралында шахтадан табылган. Ал кезде Шоттон каза болуп калган, бирок ага карата күмөнсүрөө кала берген.
2019-жылы ачылбаган кылмыш иши тууралуу телепрограмманын өкүлдөрү маркумдун небересинин сиңдиси Стюарт Сьюзи Олднолл менен байланышып, Мейминин сөөгүнүн калдыктары Уэльстин соттук лабораториясында сакталып турганын айтышкан.
"Ал өлтүрүлүп, 40 жылдай үңкүрдөй караңгылыкта жатты, андан кийин студенттерге анатомиялык экспонат катары колдонулуп, 60 жылдай соттук лабораторияда кармалды. Бул аябай жагымсыз", - деген анын тууганы.
100 жылдан кийин гана Мейминин сөөгү туугандарына берилип, Сьюзи маркумдун сөөгүн ата-энесинин күмбөзүнүн жанына койгон.