“Чоң-Туз” кенинде жаңжал чыгып, 1 милиция кызматкери жабыркады

 25-августта саат 21:00 чамасында Нарын облусунун Кочкор районундагы “Чоң-Туз” кенинде жаңжал чыгып, 1 милиция кызматкери жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Гүлжан Асанкожоева билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кендин мурунку жетекчиси менен азыркы жетекчисинин ортосунда пикир келишпестик чыгып, мушташка айланган. “Бул кендин мурунку жетекчиси Курманбек Байтереков болчу. 2010-жылдагы апрель окуясынан соң жергиликтүү эл аталган кенди басып алышып, жаңы жетекчи дайындашкан. Урушта 200дөй адам таш менен чабышып, уруштан улам бир милиция кызматкери жабыркады. Калган жабыр тарткан кишилер тууралуу учурда так маалымат жок”,- деди ал.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
super
2013-08-26 17:12:05
2007-жылдагы апрель окуясынан соң (?????)
0
admin_superstan
2013-08-26 17:27:32
super, Саламатсызбы!
Ката түзөтүлдү. Рахмат!
0
admin_superstan
2013-08-27 10:36:50
Sezy, ormonhan, Саламатсыздарбы!
Ката кеткен. Түзөтүлдү. Рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан