"Сениби, шашпа!" (Ну, погоди!) мультфильминин сүйүүчүлөрүнө жакшы жаңылык

«Союзмультфильм» киностудиясынын төрайымы Юлиана Слащёва "Сениби, шашпа!" (Ну, погоди!) мультипликациялык фильминин жаңы 52 сериясы тартыла тургандыгын билдирди. Айтымында мультипликациялык фильмдин алгачкы цикли 7 мүнөттөн турган 26 серияны камтыйт.

Мультфильмдин жаратуучулары бул долбоордун эл аралык деңгээлге чыгуу потенциалына жогору баа беришүүдө. Бул мультипликациялык фильмди Кытайда жана башка Азия чөлкөмүндөгү бир катар өлкөлөр кызыгуу менен күтүп жатышат. Юлиана Слащёванын айтымында, мультфильм 6 жаштан 8 жашка чейинки балдарга ылайыкташып, 3D форматында тартылат. Жаңы сериясында негизги каарман болгон карышкыр чылым чегүү адатынан арылмакчы.

Эске салсак, "Сениби, шашпа!" (Ну, погоди!") мультфильми алгачкы жолу экранга 1969-жылы чыккан. 50 жылдык юбилейине карата жаңы сериясы ушул жылдын жай айларында чыгуусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kyrgyz40
2020-03-19 08:42:50
Урааа
+3
Jelezo
2020-03-19 09:39:36
Бала кезде көрсөң деле кайрадан күтө берчү эң жакшы мультфильм болчу
+4
bond02
2020-03-19 09:48:53
Ай жаштык, жаштык ай.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан