Чехия: Селсаяк лотереядан уткан 1 миллион 200 миң евросун кайтарып алуу үчүн соттошууда
Париж шаардык сотунда өзгөчө сот процесси башталды. 54 жаштагы селсаяк Франтишек мурдагы жакын достору Яна жана Ярослав менен соттошууда. Селсаяк аталган айымдар менен көп жылдан бери достук мамиледе болгон. 2 жыл мурун Франтишек лотерея ойноп, 100 миллион крон (1 миллион 200 миң евро) утуп алыптыр. Бирок бир да документи жок болгондуктан, анын утушун аталган 2 аялдын бири алып, селсаякка Прага шаарынан вилла, 2 автоунаа жана башка баалуу буюмдарды алып берет. Бирок убакыт өтүп, селсаяктан тажаган аял аны үйдөн кууп чыгыптыр. Франтишек аялдарды сотко берди. Алардын ар бирин 10 жылдан түрмөгө тыгуу суралууда.