Филиппинде мурду пилдин тумшугун элестеткен бала жашайт

Филиппиндеги Минданао аралында 4 жаштагы баланын мурдуна пилдин мурдун элестеткен чоң шишик пайда болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

2 жыл мурун Жейлорд Оклариддин мурдуна шишик чыгып баштаган. Баланын ата-энеси жакын аралыктагы ооруканага көрсөтүшкөндө, алар жардам бере алышпай Филиппиндин борбору Манилага барууну сунушташкан. 2019-жылы ата-энеси акча чогултуп борборго келишкен. Борбордогу оорукананын дарыгерлери баланын шишиги залалсыз экенин, бирок мурдунун мындан ары өсүшү башка органдарга зыянын тийгизиши мүмкүндүгүн айтышкан.

"Балабызга дагы деле операция жасай албай жатышат. Дарыгерлердин айтымында, баламдын өпкөсү менен жүрөгү азырынча алсыз болуп, операцияны көтөрө албайт", - деген баланын апасы. Учурда эне-бала кайра айылына кетишкен жана Жейлорд операцияга даярдануу үчүн дарыланып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
katerina.li
2020-03-18 17:59:46
Шишик бул пилдин тумшугу эмес
+8
Taku.14.02
2020-03-18 18:45:52
кудай сактасын.. бирону мазактагандан аоыс брлсонор
+4
arena2014
2020-03-18 19:15:05
Филиппин эн бай олко дешетко. Жарандары иштебей эле айлык алышат деп окуган элем демек жалган окшойт
0
PROS
2020-03-19 07:11:27
arena2014,Филлипин жакыр өлкө, Финляндия тууралуу уксаңар керек!
0
States
2020-03-18 21:23:18
Филиппин дуйнодогу кедей мамлекеттердин бири.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан