Жалал-Абад-Бишкек жолу жабылдыбы? Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жообу

Бүгүн, 18-мартта 3 Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары экени белгилүү болду. Кийинчерээк интернет колдонуучулар арасында Бишкек-Жалал-Абад жолу, тагыраагы, Сосновка-Токтогул унаа жолу жабылды деген өңүттөгү билдирүүлөр тарады.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы аталган аралыктагы унаа жолунда транспорттор мурдагыдай тартипте каттап жатканын айтат.

"Бишкек-Жалал-Абад жолу коронавирустан улам жабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда транспорт каражаттары мурдагыдай тартипте каттап жатат. Чектөө киргизилген жок", - деди маалымат катчы.

Коронавирус менен жабыркаган сузактыктар Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келишкен. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, азыркы учурда 90дон ашуун жүргүнчүнүн аты-жөнү такталып, обсервацияга алынган. Жабыркагандардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы жаран экенин саламаттыкты сактоо министри билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Birimdik5555
2020-03-18 18:05:25
Жапкыла да тезиреек жолду
+1
Kuyoo_bala
2020-03-18 21:25:47
Жабыш керек,тарап буткучо карап отурбай энннннн....чындыкка дай кейбейт деп отура бербей жап тезиреек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан