Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында "жылкы уурдаган" деп шектелген адамдар колго түштү. Бүгүн, 27-августта Чүй ОИИБинин билдиришинче, милицияга 55 жаштагы Нурдин М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, малы уурдалганын айткан. Уурулар 19-август түнү короосунда байланып турган 2 жылкысын уурдап кетишиптир. Кылмышка шектелип Ош облусунун 35 жаштагы тургуну У.Эрмек жана Талас облусунун 24 жаштагы тургуну С.Амангелди кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.