Бүгүн, 18-март кечки убакытка карата Орусияда доллардын курсу 82 рублга чыккан. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 83-84 рубль болуп жатат. Мунайга болгон баанын түшүп кеткени доллардын курсунун өсүүсүнө себеп болду.
Бүгүн күндүзгү убакытта Москванын биржасында доллардын курсу 80 рублдан ашып өткөн. Акыркы ирет доллар мындай көрсөткүч 2016-жылдын февраль айында катталган. Күн ичинде баш-аягы доллар 4 рублга кымбаттап кетти.
Мунайдын баасына келсек, Brent нефтинин баасы баррелине 26 доллардан түшүп кетти. Соңку жолу мындай төмөн баа 17 жыл мурда болгон.
Буга чейин 9-мартта орус акчасы кунун жоготуп 1 доллар 72ден 75 рублга көтөрүлгөн. Эртеси эле 10-мартта Бишкекте 1 доллар 69-70тен 73 сом болуп, 3 сомго кымбаттап кеткен.